Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Аялдар эркектерге караганда аз табат. Нарында бирдей
08.03.2022 | 14:56
Аялдар эркектерге караганда аз табат. Бул туурасында Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылы аялдар эркектерге караганда орточо эсеп менен 5 миң 475 сомго аз тапкан. Айына орточо эсеп менен аял 16 миң 524 сом, ал эми эркек киши 21 миң 999 сом алат. Эгерде эркектердин айлыгын 100% деп ала турган болсок, пайыздык эсеп менен алганда, аялдар сумманын 75,1%ын гана алышкан.2017-жылы бул көрсөткүч 72,5% түздү, башкача айтканда, абал анча деле өзгөргөн жок. Бирок, аймактык деңгээлде олуттуу айырмачылыктар байкалат. Нарын облусунда аялдар эркектердикине салыштырмалуу дээрлик бирдей (92,7%) айлык алышат. Талас облусунда аялдар эркектерге салыштырмалуу эң аз айлык алышат (52,4%).

Рубрики: Жаңылыктар, Коом