Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Аялдар күрөшү үчүн машыгуу залына жер бөлүндү
28.10.2021 | 12:50
Аялдар күрөшү үчүн машыгуу залына жер бөлүндү. Бул туурасында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жер тилке Бишкектин “Ата Түрк” сейил багынын жанындагы Массалык спортту өткөрүү жана жаштар менен иштөө боюнча «Жаштык» дирекциясынын аймагынан 40*15 метр жер тилкеси бөлүнүп берилди. Жалпы аянты 800 чарчы метрди түзөт. 43 млн сомго бүтөт. Учурда тиешелүү мекеме архитектуралык планын түзүүгө киришти.
Буга чейин Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазаровалардын машыга турган залдарынын жоктугу айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт