Ош шаарында дээрлик 70 гектар жерге агро өнөр жай комплекси курулатКыргызстанга документтери жок 400 граммга жакын алтын жана 2 кг күмүш алып кирүүгө аракет кылышкан«Биз Амирчикти өлкөгө кайтардык» — орусиялык композитор Виктор ДробышЯпония Кыргызстанга 3,5 млн долларлык жол куруу техникасын берет2027-жылдан тарта Кыргызстанда инфляцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик программа иштей баштайтАчык аба ырайы жана +23°Cге чейин жылыйт: 20-октябрга карата аба ырайы
Бишкек–Ош жолунда унаа аласалып кеткен кырсыктын чоо-жайы (видео)
05.08.2022 | 14:19
Бишкек–Ош жолунда жүк ташуучу унаа менен кичи автобус кагышты. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсык 2-августта саат 20:30дар чамасында Бишкек–Ош унаа жолунун 401-чакырымында катталган. Анда «Хово» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кичи автобус сүзүшкөн. Кичи автобус каршы тилкеге чыгып кеткен.
Аталган факт боюнча тиешелүү экспертзалар дайындалып, тергөө жүрүүдө.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандардан жол эрежелерин сактоону өтүнөт.
Буга чейин күбөлөр Төө-Ашууда жол кырсык катталып, жүк ташуучу унаа аласалып кеткенин жана жабыркагандар бар экенин билдиришкен.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом