Аялды бычактап, башын кесип салган. Чүйдөгү кылмыштын чоо-жайы

Аялды бычактап, башын кесип салган. Чүйдөгү кылмыштын чоо-жайы

Жайыл районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы 23-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, 21-июнда Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн биринде башы кесилген аялдын денеси табылып, ал 1975-жылы туулган А.А., аттуу жергиликтүү тургун экени аныкталган.

Чүй ОИИБдин жана Жайыл РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалган. Ал 1976-жылы туулган, маркумдун жарандык никедеги жолдошу К.Н., экени такталган.

Алдын ала алынган маалымат боюнча шектүү кызганычтан улам чогуу жашаган аялын бычактап, андан кийин башын кесип салган. Ал аялдын башын ыргытып, денесин алыс эмес жерге көмүп салган.  Шектүү күнөөсүн мойнуна алып, окуя кандай болгонун айтып берген.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү иштер жүргүзүлүудө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>