Аялы менен ойноштукка айыптап айылдашына жараат келтирген адам кармалды

Аялы менен ойноштукка айыптап айылдашына жараат келтирген адам кармалды

Ош облусун Өзгөн районунда айылдашын электр мамысына байлап, бычак менен жараат келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Окуя 13-ноябрда болгон.

Саат 22:00 чамасында Куршаб айылынын 44 жаштагы К.Ш. аттуу тургуну үйүнө курдаш айылдашы Э.Т.ны чакырган. Ал келгенден кийин үйүнүн короосунда өз ара пикир келишпестиктен уруша кетишип, натыйжада К.Ш. айылдашына бычак менен денесине жараат келтирип, электр мамыга жип менен байлап койгон.

Окуя болгон жерге милициянын кызматкерлери барып, жабырлануучуга тез жардам кызматын чакырып, биринчи медициналык тез жардам көрсөтүшкөн.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгү  (Ден-соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

К.Ш. кармалып, камакка алынган.

Жергиликтүү ММКлар жазгандай, К.Ш. айылдашын аялы менен ойноштук кылган деп жыныстык мүчөсүн кесип сала жаздаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>