Өзбек туристтер ыйык жерлерге, европалыктар тоолуу аймактарга кызыгат

Өзбек туристтер ыйык жерлерге, европалыктар тоолуу аймактарга кызыгат

Кыргызстандын 27 туроператору Ташкентте өтүп жаткан “Туризм Жибек Жолундагы туризм – 2023” көргөзмөсүнө катышып жатат. Бул тууралуу Туризмди колдоо фонду билдирди.

Маалыматта Өзбекстан өлкөбүзгө келген туристтердин саны боюнча алдыңкы орунда турары айтылат. Фонддун айтымында, Өзбекстандан келген туристтер Кыргызстандагы ыйык жерлерге зыярат кылышат.

Алыскы чет өлкөлөрдөн миңдеген туристтер да байыркы кербендердин жолдору менен саякаттап, тарыхый хроникада сүрөттөлгөн жерлерди көрүп, жергиликтүү тургундардын жылуу мамилесинен жана меймандостугунан ырахат алуу үчүн келишет.

Улуу Жибек жолу менен саякаттоо – көп жылдар бою актуалдуулугун жоготпогон туристтик тенденция.

«Быйыл Чыгыш Европадан – Чехиядан, Польшадан, Германиядан, Франциядан жана Улуу Британиядан келген туристтер көп. Орусиядан келген туристтер көп. Алар эң көп тоо треккингине, жөө жүрүшкө жана ат минүү турларына кызыгышат», — дейт Destination Osh компаниясынын аткаруучу директору Азамат Сатинаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>