Европадагы журналисттер Бишкекте камакта отурган 11 кесиптешин бошотууга чакырууда

Европадагы журналисттер Бишкекте камакта отурган 11 кесиптешин бошотууга чакырууда

Европадагы бир катар мамлекеттердин журналисттери Кыргызстанда “массалык башаламандыктарга чакырык жасоого” шектелип кармалган 11 журналистти бошотууга чакырууда.

Кайрылуу жасагандардын катарында Чехия, Словакия, Польша, Венгрия, Эстония, Латвия, Бельгия жана башка мамлекеттердин медиа өкүлдөрү бар. Алардын кайрылуусу #FreeKyrgyz11 хештеги менен жарыяланды.

«Журналистика кылмыш эмес», — дейт кайрылуу жасагандардын бири.

Эскерте кетсек, быйыл 16-январда ИИМдин кызматкерлери Temirov Live’да мурда жана азыр иштеп жаткан кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, андан кийин суракка алып кеткен. Ошол эле күнү 11 журналист 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Ал эми 17-январда Биринчи май райондук сот журналисттерди тергөө абагына 2 айга камоо тууралуу чечим чыгарган.

Милиция 11 журналистке тең “массалык башаламандыктарга чакырык жасоо” айыбын коюуда.

Камакка алынган журналисттер (Temirov Live’да иштегендер):

1. Азамат Ишенбеков («Айт айт десе» долбоорундагы акын, журналист)
2. Сапар Акунбеков (журналист, «Айт айт десе»)
3. Махабат Тажибек кызы (Болот Темировдун жубайы жана Temirov Live’дын директору)
4. Айке Бейшекеева (журналист, Temirov Live)
5. Акыл Орозбеков (оператор)

Temirov Live’да мурда иштегендер:

6. Тыныстан Асыпбек (журналист, «ПолитКлиника»)
7. Актилек Капаров (журналист, «Алга Медиа»)
8. Жоодар Бузумов (журналист, «Нур пресс»)
9. Сайпидин Султаналиев (журналист, «Арча Медиа»)
10. Максат Тажибек уулу (мурда оператор болгон, азыр журналистикада иштебейт)
11. Жумабек Турдалиев

Кармалгандардын баары бийликтеги адамдар, күмөндүү схемалар тууралуу иликтөөлөрдү чыгарып, бийликке ачуу сын айтып келгени менен белгилүү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>