Азербайжанда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүлөт

Азербайжанда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүлөт

26-июлда Чолпон-Ата шаарында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев Азербайжандын маданият министринин орун басары Мурад Гусейнов менен жолугушту. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн буга чейинки жана мындан аркы маданий кызматташтыгын талкуулашты.

Министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев Азербайжан өлкөсүнүн бай маданиятына токтолуп, кыргыз элинде азербайжан элинин белгилүү акын- жазуучуларынын чыгармалары көп окулаарын, ырчыларынын ырларын кыргыз эли көп угаарын билдирди.

Ошондой эле кыргызстандык көп режиссёрлор Узеир Гаджибековдун чыгармаларына кайрылышаарын, атактуу азербайжан композитору Кара Каараевдин чыгармаларын жогору баалашаарын да кошумчалады.

Ошону менен бирге эле Кыргызстандын Азербайжандагы маданият күндөрүнүн алкагында ар кандай иш-чараларды өткөрүү, атап айтканда: кыргыз кино жумалыгын уюштуруу, Кыргызстандын искусство чеберлеринин салтанаттуу концерти жана башка иш-чаралар эки өлкөнүн достугун бекемдөө менен бирге эки элдин руханий жакындыгын жогорулата тургандыгын баса белгиледи.

Ал эми, Азарбайжандын маданият министринин орун басары Мурад Гусейнов жолугушуу абдан маанилүү болгонун, Кыргызстандын маданий тарыхы өтө бай экенин, мындан ары эки өлкөнүн маданий кызматташтыгы бекемделип, өнүгө тургандыгын билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>