Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Чүйдө сууга агып кеткен наристе 9 күндөн кийин табылды
27.07.2023 | 14:15
Чүйдүн Аламүдүн суусуна түшүп кетип, 9 күндөн бери изделип жаткан наристе табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, наристенин сөөгү бүгүн, 27-июлда табылды.
“Наристенин сөөгү болжол менен окуя болгон жерден 20 чакырым алыстыктагы “Таштар-Ата” дачасынын аймагында агып өткөн Аламүдүн суусунан жергиликтүү тургун тарабынан табылып, кабарланган. Куткаруучулар кыздын жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти”, – деп билдиришти.
Буга чейин, 18-июлда Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу эс алуучу жайда 27 жаштагы келин сууга түшүп кеткен 1 жашар кызын куткарам деп сууга түшкөн. Куткаруучулар аялдын сөөгүн таап, кичинекей кызын табышкан эмес.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом