Азербайжандык белгилүү жазуучу кыргызстандык аскер досу тууралуу китеп жазды

Азербайжандык белгилүү жазуучу кыргызстандык аскер досу тууралуу китеп жазды

Кыргызстандык досум, чогу кызмат өтөгөн Нуркамал тууралуу “Бир аскердин изи” аттуу китебимдин төрт башка жеринде эскергенмин. Бул тууралуу Азербайжандык белгилүү жазуучу, басма сөз кеңешинин мүчөсү Азер Хасрет социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, досунун аты Нуркамал жана ал кыргыз досу менен 33 жылдан бери көрүшпөй, жакында гана видео байланыш аркылуу сүйлөшкөн.

“Китеп 2012-жылы Азербайжанда басылып чыккан.  Анын аталышы «Бир аскердин изи» деп аталат. Башкы каарман өзүм, ал эми романымда 2 жылдык аскердик кызматтагы күндөрүм жана балалыкка болгон эскерүүлөр сүрөттөлөт. Бирок китептеги башкы нерсе, 4 башка баракта менин жоокер досум — кыргыз жөнүндө баяндалат. Бул тууралуу мен ага бүгүн (ред. 19-майда) айтып бердим. Ал жөн гана таң калбастан, аябай кубанычта болду.Ал эми китептин бетиндеги мен өзүммүн, сүрөттү мен айтып жаткан досум тарткан. Анын аты Нуркамал”, — деп билдирүү калтырган Азер Хасрет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>