Борбордук аянттагы туу кайра алмашты

Борбордук аянттагы туу кайра алмашты

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтындагы мамлекеттик туу кайра алмашты. Желекти көтөрүү аземине Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров катышты.

Бул жолу аянтка парламент тарабынан кабыл алынган туунун үлгүсү илинди.

Белгилей кетсек, 1-январь күнү борбордук аянтка илинген желек коомдо кызуу талкуу жараткан. Анткени ал парламент бекиткен туунун үлгүсүнөн айырмаланып, күндүн нурлары бириктирилген желек болгон. Ушундай эле туу ИИМдин имаратынын алдына дагы көтөрүлгөн.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы 1-январда илинген тууну туура жана мыйзамдуу деп кабарлаган.

Депутаттар кайсы тууну кабыл алды эле? Аянтта жаңы, бирок башкача туу илинди (сүрөт)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>