УКМК Камчы Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройго издөө жарыялады

УКМК Камчы Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройго издөө жарыялады

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өкүл атасы Азим Рой (мурдагы аты-жөнү Орозахун Сайдазимов) уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого шектелип издөөго алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК билдиргендей, Азим Рой Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдыбар айылында туулган. Учурда Россиянын жараны болуп саналат. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгү (уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) жана 224-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту, 3-бөлүгү (Бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо, шантаж аркылуу же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган жана байкабастыктан оор зыян келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, сыртынан айып тагылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Азим Рой кримтөбөл Камчы Көлбаедин таасиринен пайдаланып, коркутуу жолу менен Бишкекте курулуп жаткан «Арстан Таувер» бизнес борборунан баасы 10 млн доллар болгон 6000 чарчы метр үлүшүн мыйзамсыз ээлеп алган.

«Муну менен катар Азим Рой менен К.Асанбектин (Камчы Көлбаевдин) биргелешип каржы иштерин жүргүзгөнү тууралуу башка фактылар аныкталган. Тактап айтканда, Азим Рой Бишкектин престиждүү жерлеринин биринде жайгашкан, аянты 500 чарчы метр, баасы болжол менен 1 млн долларды түзгөн кымбат батирди сатып алып, ал Азим Ройдун жубайы Н.З.нын атына каттаган. Ошол эле учурда бул батирде К. Асанбек жашап келген», — деп билдирет УКМК.

Атайын кызмат билдиргендей, ошондой эле Азим Рой Бишкектин четиндеги элиталык шаарчалардын биринде К.Асанбектин үйүнүн жанында жайгашкан жалпы аянты 1000 чарчы метр, баасы 2 млн долларды түзгөн дача үйгө ээлик кылган. Андан тышкары, Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Каганат» эс алуу борборунда 500 миң долларлык коттедж да Азим Ройго таандык болгон.

Учурда Азим Ройго издөө жарыяланып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

УКМК Азим Ройдун жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандарды, 0312 66-04-75, же 0312 62-65-04 номери аркылуу кабар берүүсүн суранат.

Эскерте кетсек, 2022-жылы сентябрь айында соцтармактарга президент Садыр Жапаров Азим Рой менен чогуу түшкөн сүрөтү чыккан. Аталган сүрөттө Садыр Жапаровдун кудасы, парламенттин депутаты Акылбек Түмөнбаев да болгон. Жапаров менен Азим Ройдун чогуу түшкөн сүрөтү коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>