“Тынчып калдыңыз”. “Аконит” министри реформадан баш тартпаганын айтты

“Тынчып калдыңыз”. “Аконит” министри реформадан баш тартпаганын айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кундузбек Сулайманов жана Акбөкөн Таштанбеков саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жүргүзүп жаткан реформасына кызыгышты.

Эл өкүлдөрүнүн айтымында, министр убадалаган реформалар токтоп турат.

“Бир күн да токтой элек. 100 күндүк жыйынтыгы чыгат. Массалык маалыматтар каражаттарына маалымат берип жатабыз. Мамлекеттик дарыкана, балдар бейтапканаларын ачып жатабыз”, — деп жооп берди Алымкадыр Бейшеналиев.

Акбөкөн Таштанбековдун пикиринде, министр жай иштеп, алгылыктуу өзгөрүүлөрдү жасабай жатат.

“Такыр тынчып калдыңыз. Энергия менен баштадыңыз эле, ошол бойдон кете берсеңиз”, — деди ал.

Депутат министрге Грузиядагыдай реформаны колго алууну сунуштады.

“Бул реформа эмес. Качан бизде медициналык камсыздандыруу күчөгөндө, бейтап өзү дарыгерди, оорукананы таңдай алганда өзгөрүү болот”, — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>