Азия чемпионаты: Кыргызстандык балбандар 2-орунду ээледи

Азия чемпионаты: Кыргызстандык балбандар 2-орунду ээледи

Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынын алкагында эркин күрөш боюнча беттештер жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 23 жашка чейинкилер арасында Кыргызстандан 10 салмак категорияда жалпы 10 балбан күч сынашты.

Курама команда 2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медалга ээ болуп, жалпы эсепте 168 упай менен 2-орунду ээледи. 175 упай менен Казакстан 1-орунду, 145 упай менен Индия 3-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, эркин күрөшү боюнча курама команда улук машыктыруучу Руслан Маджинов жана башкы машыктыруучу Ислам Тазабековдун жетекчилиги алдынды мелдешке катышышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>