22-август: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтКабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуяларКыргызстанда 8 райондо суу менен камсыз кылуучу райондук ишканалар түзүлөт
Азия оюндары: Бүгүн волейбол жана футбол боюнча курамалар ойнойт
19.09.2023 | 10:28
Бүгүн, 19-сентябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында XIX жайкы Азия оюндарынын алкагында волейбол жана футбол боюнча мелдештер башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Кыргызстандын волейбол боюнча курамасы Кытай, Казакстан менен бир тайпага түшкөн. Алгачкы оюнун Казакстандын курамасына каршы өткөрөт. Волейбол боюнча мешдешке жалпы 19 өлкө катышып, алар 6 тайпага бөлүнгөн
Ал эми футбол боюнча улуттук курама Түндүк Корея, Кытайлык Тайбей жана Индонезия менен F тайпасында ойнойт. Бүгүн биринчи беттеши Индонезия курамасына каршы болот. Футбол боюнча мелдешке жалпы 23 өлкө катышууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз