Дүйнө чемпионаты: Эркин күрөш боюнча балбандар 1 коло жеңип, Олимпиадага жолдомо ала алган жок

Дүйнө чемпионаты: Эркин күрөш боюнча балбандар 1 коло жеңип, Олимпиадага жолдомо ала алган жок

Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында эркин күрөш боюнча мелдештер жыйынтыкталды.

Эркин күрөш боюнча мелдеш 16-сентябрда башталып, 18-сентябрда акыркы беттештер болуп өттү. Бул мелдешке Кыргызстандан 7 спортчу барган. Алардын ичинен 5 салмак боюнча балбандар олимпиадалык салмакта күрөшүп, Олимпиадага жолдомо алуу үчүн күч сынашты.

Олимпиадалык салмакта күрөшкөн Айаал Лазарев (125 кг), Алмаз Сманбеков (57 кг), Икрамжан Хажимуратов (65 кг), Арсалан Будажапов (74 кг) Олимпиадага жолдомо ала албады. Ал эми 86 салмакта Нарбек Изабеков жаракатынан улам мелдешке катыша алган жок.

Олимпиадага лицензия дүйнө чемпионатындагы 5 мыкты балбанга берилет: 1, 2-орунду алгандар жана коло байгеге татыган 2 балбан жолдомо алат. Ошондой эле, коло үчүн таймашта утулган эки балбан бешинчи лицензия үчүн өзүнчө беттеш өткөрөт.

Бул мелдеште эркин күрөш боюнча жалгыз байге алган Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) болду.  Ал коло медаль тагынды. 70 кг салмакта Эрназар Акматалиев коло үчүн күрөшүп атаандашына жеңилип калды. Бул эки балбан күрөшкөн салмак олимпиадалык болуп саналбайт.

Эми эркин күрөш боюнча балбандарда келерки жылы Бишкекте өтө турган азиялык жана андан кийин Түркияда боло турган дүйнөлүк лизенциялык мелдеште Париждеги Олимпиадага жолдомо алууга мүмкүндүгү бар.

Сербиядагы дүйнө чемпионаты 16-сентябрда башталган, ал 24-сентябрда жыйынтыкталат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>