8-июнь: Көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлбөйтӨз өлкөсүнүн БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгү карапайым жаранга эмне берет?Мэрия Бишкектин Киев көчөсү кандай болуп өзгөрөрүн маалымдадыКыргызстандыктар узун нарды боюнча дүйнө чемпионатында күмүш жана коло байгелерге ээ болуштуӨзгөндө күрүч таңгактоочу логистикалык борбор ачылдыСадыр Жапаров Кыргызстан менен Палестина курамаларынын футбол оюнуна барды
Азияда алгач ирет Кытайда жүк ташуучу аэропорт ачылды
18.07.2022 | 18:37
Кытайдын Хубэй провинциясында Азиядагы биринчи атайын аэропорт ачылды. Ал негизинен жүктөрдү ташуу үчүн иштелип чыккан.
Huahu New Air Harbor Эчжоу шаарында, Вухандын борборунан 80 км чыгышта жайгашкан. Аэропорттон 100 км радиуста улуттук деңгээлдеги жети экономикалык өнүгүү зонасы жайгашкан.
Буга чейин АКШ, Германия, Франция жана Россиянын авиакомпаниялары жана ишканалары кызматташууга арыз беришкен. Ноябрдын аягында жүк ташуу башталып, үч жылдан кийин аэропорттун жүк ташуусу дээрлик эки жарым миллион тоннаны түзөрү күтүлүүдө.
Өткөн жылы Кытайдын курьердик компаниялары 108 миллиард посылканы жеткирген.
Хуаху аэропортунун экинчи милдети жүргүнчүлөрдү тейлөө болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар