Кадамжайда баңгизат колдонуп жаткан адам кармалды

Кадамжайда баңгизат колдонуп жаткан адам кармалды

Кадамжайда милициянын аймактык тескөөчүсү баңгизат колдонуп жаткан кишини кармады. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБдин Айрыбаз айылдык милиция бөлүмчөсүнүн аймактык тескөөчүсү өзү тейлеген аймакта коомдук тартипти көзөмөлдөп жүрүп, ээн талаада аталган аймактын тургундары 53 жаштагы А.Р. менен 43 жаштагы М.М. спирт ичимдигин ичип отурганын байкап, жанына келгенде алар баңгизат колдонуп жаткандыгын байкаган.

Ал жерге ыкчам тергөө тобу чакыртылып, жеринде А.Р. өзү жашаган үйүнө сактап жүргөн жалпы салмагы аз өлчөмдү түзгөн баңгизатка окшош затты акт түзүп алышкан. Бул маалымат Кадамжай РИИБде катталып, алынган затка тиешелүү экспертиза дайындалган.

Экспертизанынын корутундусунда бул зат  “марихуана”  экендиги аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>