«Баатыр энелерге» берилген кошумча төлөмдү 5 миң сом кылуу сунушталды

«Баатыр энелерге» берилген кошумча төлөмдү 5 миң сом кылуу сунушталды

Кыргызстанда пенсионер «баатыр энелерге» бериле турган кошумча төлөмдү 5 миң сом кылуу сунушталды. Бул тууралуу парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйында депутат Камила Талиева билдирди.

Талиева учурда «баатыр энелерге» 2 миң сомдон берилерин, бул сумманы 5 миң сомго көтөрүү керектигин белгиледи. Ал Социалдык фонддун төрагасына кайрылып, учурда пенсияга чыккан канча «баатыр эне» бар экенин сурады.

«Менин маалыматым боюнча, пенсионер «баатыр энелердин» саны 237 деп жүрөт. Так саны канча экен?», — деп сурады ал.

Алиевдин айтымында, 33 миң 669 «баатыр эне» кошумча төлөм алышат.

«Кошумча төлөм 2 миң сомду түзөт. Башында ал 1 миң сом болчу. Кийин инфляция деп 2 миң сомго көтөрүлгөн. Бүгүнкү күнү абдан кымбатчылык болуп жатат. Мен кошумча төлөмдү 5 миң сомго көтөрүүнү сунуштайм. Бул токтомго кирген, эми сиздир аны аткарышыңар керек. Бул токтом аткарылганда акча бюджеттен которулат», — деди Талиева.

Алиев кошумча төлөм үчүн акча республикалык бюджеттен бөлүнөрүн айтып, Каржы министрлигине кат жолдогондорун жана алардан жооп күтүп жатканын белгиледи.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>