Тил билгендер жокпу, же министр тааныштарын таппай жатабы? ТИМдин кадр саясаты сындалды

Тил билгендер жокпу, же министр тааныштарын таппай жатабы? ТИМдин кадр саясаты сындалды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев тааныштарды гана ишке алып, тил билген адистерди кызматка  жолотпойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин коргоо, коопсуздук жана эл аралык иштер комитетинин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө кызматкерлер жетишпейт.

«Бош орундар бар, бирок сиз ал жерлерге тааныштардын арасынан гана издеп, карапайым, тил билгендерди жолотпой, иштей турган адамдарды жөнөтпөй жатасыз. Тааныштарыңызды издеп жүрө бересизби?», — деди депутат.

Министрдин айтымында, Азия өлкөлөрүндө жана Европадагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө бош орундар бар. Айрыкча япон, корея, француз жана түрк тилин билген адистер жетишпейт.

«Индия, Малайзияда иштеген кызматкерлерди Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жөнөттүк. Анткени ал жерди бекемдеш керек болду. Азыр Монголия, Европада 2-3 бош вакансия бар. Бизге тил билген дипломаттар жетишпей жатат», — деди ал.

Депутат Ырысбек Атажанов Стамбулдагы Башкы консулдугунда дагы кызматкерлер аз экенин, ага карабай айрымдары Бишкектен барган расмий делегацияларды тосуу менен алек болуп жатканын айтты.

«Ооба, делагацияларды тосуп алууга тыюу салуу боюнча президенттин дагы тапшырмасы бар. Бирок кыргызчылык көп экен, бирөө ооруп барат, бирөө жумуш менен, суранып чалып калышат. Негизи бизде министрликте эки эле  кызматкер түрк тилин билет. Алар дагы Анкарадан келишти. Тил билбегендерди дагы биз ишке жөнөтө албайбыз. Жакында 22 кишини жумушка алдык. Эми алар 2-3 жыл Бишкекте иштейт, анан гана чет жакка чыгара алабыз», — деди Жээнбек Кулубаев.

Министр  бош орунга сынакка 260 талапкер катышканын, бирок анын 60 пайызы мамлекеттик тилди билбей өтө албай калганын белгиледи.

«Алар англис, француз тилдеринен мыктылыгын көрсөттү, бирок кыргыз тилинен сынакты тапшыра алган жок. Биз аларды ишке ала албайбыз. Же  мамлекеттик тилди билүүгө коюлган мыйзамдын талабын өзгөртүш керек. Январда дагы чоң сынак өткөрөбүз», — деди Жээнбек Кулубаев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>