БАЭден Lexus унаасы мыйзамсыз алып келингени аныкталды

БАЭден Lexus унаасы мыйзамсыз алып келингени аныкталды

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө мыйзамсыз унаа ташуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 11-майында Бириккен Араб Эмираттарынан «Б.Б.И.» аттуу жарандын дарегине 2016-жылы чыгарылган Lexus-NX200T маркасындагы унаа келген. Көрсөтүлгөн унаага бажы көзөмөлүн жүргүзүү учурунда унаанын чыгарылган күнү 2016-жылдын сентябры деп көрсөтүлгөнү аныкталган. Бажы төлөмдөрү чыгарылгандан тартып 6 жыл өткөн унаалар катары эсептелген.

Бирок, Carfax расмий сайтында жазылгандай, «Lexus-NX200T» унаасы 2016-жылдын апрель айында чыгарылган, башкача айтканда, чыгарылгандан бери 7 жылдан ашык убакыт өткөндүктөн, тиешелүү бажы төлөмдөрү башка чен менен эсептелиши керек болчу.

Бул факт боюнча төлөнбөгөн төлөмдөрдүн айырмасы 342 478 сомду түзгөн.

Бул факт боюнча чогултулган материалдар карап чыгуу жана маңызы боюнча чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>