Республикалык айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды

Республикалык айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бишкекте 9-ноябрда Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, төкмө акын, обончу, комузчу, кыл кыякчы Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына карата төкмө акындардын республикалык айтышы өттү.

Айтыштын тандоо туру 8-ноябрда «Манас» кинотеатрында болуп өткөн. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында айтыштын жарым финалы жана финалдык бөлүгү өттү.

Байге фонду 1 млн сомду түзгөн айтыштын финалдык беттешине 12 акындын ичинен төртөө чыкты. Финалда төкмө акындар Баян Акматов, Кубатбек Тукешов, Асылбек Маратов жана Сапарбек Зулпуевдер айтышты.

Калыстар тобунун чечими менен баш байге жаш төкмө акын Кубатбек Тукешовго тапшырылды. Ал эми биринчи орунду Баян Акматов, экинчи орунду Асылбек Маратов жана үчүнчү орунду Сапарбек Зулпуев ээледи.

Баш байге ээсине 200 миң сом, 1-орунду багындырган төкмө акынга 150 миң сом, 2-орунга 100 миң сом, 3-орунга 50 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. Ал эми калган 8 акынга кызыктыруучу акчалай сыйлык жана Токтосун Тыныбеков атындагы төш белги тапшырылды.

Айтыш Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук «Манас» театры, «Айтыш» коомдук фонду, Токтосун Тыныбеков атындагы коомдук фонду тарабынан биргеликте уюштурулду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>