Бишкекте 9-кабаттан боюн таштоого аракет кылган адам куткарылды

Бишкекте 9-кабаттан боюн таштоого аракет кылган адам куткарылды

Бишкек шаарында өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаранды куткаруучулар куткарып калышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 10-ноябрда Октябрь районунун 12-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 9-кабатындагы батирдин терезесинен 1990-жылы туулган Д.Х атту жаран (эркек киши ) секирип, өз өмүрүн кыйууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүү жүргүзүп, ошол эле учурда ыкчам түрдө альпинисттик шаймандар менен көп кабаттуу үйдүн чатырынан батирдин терезесине түшүп, анын өмүрүн сактап кала алышты.

Такталган маалыматка ылайык, жаран эч кандай жаракат алган эмес.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>