Билим берүү министрлиги депутаттын айткандарына кошулбайт

Билим берүү министрлиги депутаттын айткандарына кошулбайт

Быйыл окуучулардан билим берүү уюмдарына бирдиктүү форма кийип келүүсү талап кылынбайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчы Самат Тоялиев Reporter.kg ′ге  билдирди.

Анын айтымына караганда, окуучулардан мектепке бирдиктүү форма кийип келүүлөрү талап кылынбайт. Бирок, окуучулар мектепке үстү ак, асты кара түстөгү классикалык кийимдерди кийип баруулары керек.

«Жоолук маселеси боюнча буга чейин да айтканбыз. Окуучу кыздар өзүнө жарашыктуу ак түстөгү жоолуктарды ороно алышат. Башка кийимдер классикалык стилде болушу керек. Ал эми жоолукчан кыздарды мектепке киргизбей койгон фактылар катталган жок. Бизде шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрү бар, алар мектептин жетекчилери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, иштеп жатышат»,- дейт ал.

Кечээ, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Ахмедов жолук салынган окуучу кыздарды мектептерге мугалимдер киргизбей, кууп чыгып жатканын айтып, аларга чара көрүү керектигин белгилеген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>