Бакиров БШК мыйзамды бузуп жатканын айтып чыкты

Бакиров БШК мыйзамды бузуп жатканын айтып чыкты

Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров Борбордук шайлоо комиссиясы бузуп жатканын айтып, бул боюнча маалымат алууга депутаттарды чакырды.

Анын айтымына караганда,  президент 28-августта парламенттик шайлоону дайындоо боюнча буйрукка кол койду.

«Мыйзамда так жазылып турат, президент мыйзамгакол койгондон тартып БШК 7 күндүн ичинде бир мандаттуу округдарды бекитиши керек деп. Акыркы мөөнөт 5-сентябрь болгон. БШК 5-сентябрда токтом кабыл алып, 14-сентябрда ал токтомду өзгөртүп башка токтом кабыл алып жатат. Бул мыйзамсыз. Эртең шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарганга ал жол ачып жатат», — деди Бакиров.

Ошондой эле ал өлкөнүн экинчи борбор шаары болгон Ошко бир мандат кылып койгонун айтып, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы парламентке чакырууну сунуш кылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>