Кыргыз балы Евробиримдиктин рыногуна чыгууда: Үч компания TRACES системасына киргизилди

Табигый балды өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча ата мекендик үч ишкана Европа Биримдигинин TRACES системасына расмий түрдө киргизилди. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматынан билдиришип, бул окуя өлкөнүн экспорттук дараметин кеңейтүү үчүн маанилүү экенин баса белгилешти.
Евробиримдиктин Trade Control and Expert System (TRACES) көзөмөл тутумуна кирүү улуттук ветеринардык көзөмөл системасын ЕБ стандарттарына шайкеш келтирүү боюнча узак убакыт бою жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы болду. Бул санариптик платформа продукциянын толук көзөмөлдөнүшүн (изине түшүүнү), ветеринардык документтердин талаптагыдай жол-жоболоштурулушун жана Евробиримдиктин чек араларында катаал санитардык көзөмөлдү камсыз кылат.
Европалык рыноктун ачылышы ата мекендик балчылар үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзөт жана Кыргызстандын экологиялык таза продукциясын эл аралык деңгээлде илгерилетүүгө өбөлгө түзөт. Ветеринария кызматы өндүрүүчүлөрдүн башка глобалдык соода аянтчаларына ийгиликтүү чыгуусу үчүн аларга колдоо көрсөтүүнү улантат.