Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр болду

Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр болду

Дүйшөмбү шаарында 12-августта Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстандын Жерге жайгаштыруу жана геодезия мамлекеттик комитетинин төрагасы – кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстандын өкмөттүк делегациясынын топографиялык жумушчу тобунун жетекчиси Ориф Ашури Хожазода менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, жолугушууда тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун ишмердүүлүгүн талкуулашты жана пикир алышты.

Кыргызстандын элчиси Абдылдаев ушул жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекет башчыларынын чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр процессин активдештирүү боюнча жетишилген макулдашууларын ишке ашырууга кыргыз тарап даяр экендигин ырастады.

Өз кезегинде, Тажикстандын Жерге жайгаштыруу жана геодезия боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы О.Ходжазода тажик тарап топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусун Тажикстандын аймагында уюштурууга даяр экендигин билдирди.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>