Бала бакча иштеткендер салыктан бошотулду

Бала бакча иштеткендер салыктан бошотулду

Салык кызматы мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн жеке ишкерлерге салык салуу тартибин түшүндүрдү.

Министрлер кабинетинин чечими менен жеке ишкер катары иш алып барган жеке жак турак жайда мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтүүгө укуктуу.

Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн ишкерлер бирдиктүү салык төлөөчү катары нөлдүк ставка менен салыктык каттоодон өтө алышат.

«Ишкерлер Салык кодексинин 423-беренесинин 8-бөлүгүнүн шарттарын эске алуу менен бирдиктүү салыкты төлөөдөн жана бирдиктүү салык боюнча отчет берүүдөн бошотулат. Жеке ишкер өзү үчүн камсыздандыруу полисин, ал эми кызматкерлер үчүн электрондук патент менен полисти сатып алат”, — деп түшүндүрөт Мамлекеттик салык кызматы.

Ошондой эле алар киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу фонддору боюнча отчет тапшыруудан бошотулары белгиленген. Ошол эле учурда алар жыл сайын 1-апрелге чейин салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышы керек.

 

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>