Бишкекте эттин баасына мониторинг жүргүзүлдү

Бишкекте эттин баасына мониторинг жүргүзүлдү

Бишкек шаарындагы Ош базарында эттин дүң жана чекене баасына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Мониторингдин жүрүшүндө Ош базарына эт жеткирүүчүлөр негизинен Чүй облусунун жана бир аз бөлүгү Нарын, Ысык-Көл облустарынын фермерлери экендиги аныкталды.

Эт сатуучулардын айтымында, эттин баасына сезондук фактор таасир этет. Учурда базарда уй этинин баасы 520-570 сом болсо, ал эми кой этинин баасы 480-580 сомду түзүүдө.

Ведомствонун кызматкерлери тарабынан дүң жана чекене сооданын ишкерлери жана жеткирүүчүлөр арасында эттин баасын алып-сатарлык жана негизсиз жогорулатуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, ишкерлерге жана жеткирүүчүлөргө «Атаандаштык жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдардын талаптарын сактоо маселелери боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле кызматкерлер ветеринардык кызматтын өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп, анын жүрүшүндө Ош базарынын ветеринардык кызматынын лабораториясынын иши менен таанышып чыкты.

Эттин баасына мониторинг жүргүзүү иши улантылат.

 

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: эт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>