Бала бакчада таяк жеген бала боюнча министрлик үн катты

Бала бакчада таяк жеген бала боюнча министрлик үн катты

9-март күнү интернетке жана социалдык желелерге чыккан 5 жаштагы баланын Бишкек шаарындагы жеке менчик бала бакчалардын биринде сабалгандыгы тууралуу билдирүүлөргө Билим берүү жана илим министрлиги жооп берди.

Жабырлануучу тарап көрсөткөн Бишкек шаары, Исакеев көчөсү 13 дарегинде жайгашкан “Ала-Тоо” турак жай комплексиндеги жеке менчик бала бакчага министрлик лицензия берген эмес. Бул бала бакчанын мыйзамсыз экени аныкталса, мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Болуп өткөн окуяга байланыштуу, министрлик тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте республиканын жеке менчик бала бакчаларынын  ишмердигине балдардын коопсуздугунун камсыздалышы жана лицензиялык талаптардын аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүүнү мерчемдеп жатат.

Ата-энелердин эсине: “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамга ылайык лицензиялоодон өткөн гана жеке менчик билим берүү уюмдарына билим берүү ишин жүргүзүүгө уруксат берилет жана алар билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарында белгиленген талаптардын деңгээлинде кепилдикке алынган балдардын билим сапатын жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылууга милдеттендирилет.

Уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар билим берүү ишин жүргүзүү үчүн Кыргызстанда билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жободо көрсөтүлгөн тартипте лицензия алууга милдеттүү.

Ата-энелер балдарын жеке менчик бала бакчаларга берип жатканда сөзсүз түрдө алардын локалдык документтери менен таанышып, эки тараптуу келишим түзүшү керек.

 

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>