Тажикистанда дагы доллар кескин кымбаттады

Тажикистанда дагы доллар кескин кымбаттады

Тажикстанда улуттук валютанын курсу кескин төмөндөп кетти. Ушул тапта акча алмаштыруу жайлары 1 АКШ долларын 13 сомониге, 1 еврону 14,19 сомониге баалап жатышат.

9-мартта Тажикстандын Улуттук банкы валюталардын жаңы курсун жарыялап, 100 АКШ долларын 1300 сомониге баалады. Бул бир күн мурдагыга салыштырмалуу 170 сомониге көп.

Улуттук банк чет өлкөлүк валютанынын курсунун көтөрүлүшү боюнча комментарий бере элек.

Эксперттердин пикиринде, сомонинин кескин түшүп кетишине Батыштын Орусияга салган санкциялары себеп болууда. Бул чектөөлөрдөн улам тажик банктары соңку күндөрү өз кардарларына доллар сатууну азайткан. Чет өлкөлөрдөн товар ташыган ишкерлер бизнесте көйгөйлөр жарала баштаганын айтып жатышат.

Ошол эле маалда 9-мартта Тажикстанда орус рубли расмий түрдө бир аз кымбаттап 99,5 сомони 1000 рублди түздү. Күн мурун 1000 рубль 91 сомониге барабар болгон. Украинадагы кризиске чейин тажик банктарында 1000 рубль 150 сомониге сатылып жаткан.

Тажикстанда доллардын расмий курсу акыркы жолу 2020-жылы ноябрда өзгөргөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>