«Баласын таштап, качууга аракет кылган». Милиция ымыркайы бар аялдын кармалышы боюнча айтты

«Баласын таштап, качууга аракет кылган». Милиция ымыркайы бар аялдын кармалышы боюнча айтты

Ош шаардык милициясы жергиликтүү ММКга чыккан «Реанимацияда жаткан ымыркайдын энеси камакка алынды. Балдары жардам суроодо» деген жаңылыкка байланыштуу үн катты.

Маалыматка караганда, камакка алынган аялдын апасы Нуржамал Исакбаева бүгүн, 6-сентябрда маалымат жыйын өткөрүп, небереси ооруканада оор абалда жатканда милиция анын кызын кармап кеткенин билдирген.

Исакбекованын айтымында, кызы Айганыш.К Ошто ишкерчилик менен алектенип, балдардын кийимин дүңүнөн сатып иштеген. Ал 5 баланын энеси. Учурда кызынын кичинекей ымыркайы оор абалда ооруканада жатат: бала ара төрөлүп, учурда Бишкектеги балдар ооруканасында жасалма деп алдыруучу аппаратка кошулган.

«Ал боюнда болгон учур оор өткөндүктөн (Оштон — ред.) Бишкекке келген. Баласы реанимацияга жаткырылгандыктан, кызым бул жакта калып, калган балдарын да борбор калаага алып келүүнү пландаган. Менин кызым милициядан качкан эмес, телефон чалышканда дайыма жооп берип турган. Анын телефону өчүк болгондуктан, тергөөчү аны издөөгө жарыялаптыр», — дейт ал.

Исакбекова билдиргендей, кызы алдамчылыкка шектелүүдө. Анын үстүнөн арызды бизнес өнөктөшү жазган. Ал энеси ымыркайдын жанында болушу керектигине карабай, милиция кызын кармап, сот 15 күнгө камакка алганын билдирди.

Шектүү катары кармалган аялдын балдарынын айтымында, милиция апасын Ош аэропортунан алардын документтерин алганы келгенде кармаган.

Милиция эмне дейт?

Ош шаардык милициясынын маалыматы боюнча, аталган аял (Айганыш К.) ири суммадагы алдамчылыкка шектелүүдө. Анын үстүнөн милицияга Ош шаарынан 4 адам жана Бишкектен 1 адам арыз жазган. Ош шаарындагы жабырлануучулар Айганыш. К.га 538 миӊ, 40 миӊ, 50 миӊ жана 70 миӊ доллар (жалпы суммасы 698 миӊ доллар) беришкен. Шектүү аларга ири партиядагы балдар кийимин жана иштеп жаткан тигүү цехин сата турганып айтып, алдап кеткен. Ал эми Бишкекте арыз жазган адам 300 миӊ доллардан ашык акчасын берип, алданып калганын билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милициядан билдиришкендей, Айганыш.К. тергөөчү тарабынан бир нече ирет чакырылгандыгына карабай, суракка келбестен, өзү жашап турган Өзгөн районунан Бишкек шаарына качып кеткен. Милициядан белгилешкендей, шектүү аял жаӊы төрөгөн баласын Бишкектеги ооруканага таштап, Түркияга качуу үчүн аэропортко келгенде кармалган.

«Ал Бишкек шаарында баласын медицина кызматкерлерине айтпастан ооруканага таштап, чыгып, Бишкек — Стамбул багыты боюнча кылмыш жоопкерчилигинен качып бара жаткан учурда Ош шаардык милициянын кызматкерлери тарабынан Бишкектеги аэропорттон кармалган. Андан кийин Ош шаардык милициясына алынып келинген. Бишкектеги оорукана жетекчилиги тарабынан өз баласын таштап кеткендиги боюнча акт түзүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Милициянын маалыматы боюнча, 31-августта сотто анын бөгөт чарасы каралган. Сот жабырлануучуларга ири суммада зыян келтирилгенин жана шектүү качып кетиши мүмкүндүгүн эске алып, шектүүнү 15-сентябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

«Бүгүнкү шектүү К.А.нын апасынын журналисттерге берген маалыматын кызын кылмыш жоопкерчилигинен куткарууга жасаган аракети деп баалайбыз», — деп билдиришти милициядан.

Ош шаардык милициясы шектүүдөн жабыркаган жарандар болсо, 03222-4-82-82 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>