Кулубаев Россиянын тышкы иштер министринин орун басарын кабыл алды

Кулубаев Россиянын тышкы иштер министринин орун басарын кабыл алды

Бүгүн, 6-сентябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Белгилүү болгондой, Рябков Кыргызстанга «Ядролук куралды жайылтпоо режимин чыңдоо» аттуу аймактык семинарга катышуу үчүн келген.

«Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу жана көп тараптуу аянтчаларда Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды. Ошондой эле алдыдагы тышкы саясий иш-чаралар тууралуу пикир алмашуу болду», — деп айтылат маалыматта.

Тараптар Кыргызстан менен Россиянын мамилелерин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк маанайда кеңейтүү жана тереңдетүү максатында мындан аркы өз ара кызматташууга даяр экендиктерин билдиришкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>