Балбан Роман Царев кармалды. Ал опузалап акча талап кылууга айыпталууда

Балбан Роман Царев кармалды. Ал опузалап акча талап кылууга айыпталууда

Ички иштер министрлиги Бишкектин тургунунан 380 миң сом опузалап талап кылган кылмыштуу топ кармалганын кабарлады. 

Маалыматка караганда 29 жаштагы борбор калаанын тургуну декабрь айында өздөрүн Алтынбек жана Роман деп атаган эки белгисиз адам опузалап, күч колдонуп 380 000 сом акча талап кылганын айтып кайрылган.  Алар жабырлануучу К.В. аттуу жарандан акча карызга алганын айтып, шылтоо кылышкан. 

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 100 миң сом алып жаткан аталган адамдар кармалган.

Алардын аты-жөнү такталып, бири 1992-жылы
туулган Түп районунун М.А. аттуу тургуну, экинчиси Казакстанда 1991-жылы төрөлгөн
Ц.Р. аттуу адамдар экени такталган. 

Шектүүлөр Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталган.

[su_image_carousel source=»media: 52517,52518,52519″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>