Чүйдө абакта отурган жаран баңгизат сатып жүргөн

Чүйдө абакта отурган жаран баңгизат сатып жүргөн

Кыргызстанда баңгизаттарды таратуу схемасы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери Бишкектин 49 жаштагы М.Б. аттуу тургунунун үйүндө тинтүү иштерин жүргүзүп, 1 кг 45 грамм ооган тектүү «нашаа» маңзаты табылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү соттун чечими менен эки айга камакка алынган.

Тергөө учурунда аныкталгандай, кармалган жаран баңгизатты А. аттуу адамдан жолукпастан сатып алган. Ал эми, А. аттуу жаран Чүйдөгү түрмөдө жазасын өтөп жатканы белгилүү болгон.

«Шектүү баңгизат үчүн акчаны Бишкек шаарынын акча алмаштыруу пунктарынын бирине калтырып, баңгизаттарды белгисиз адамдар таштаган жерлерден алып жүргөндүгү аныкталган.

Мындан тышкары, кармалган М.Б. баңгизаттын кийинки партиясын алуу үчүн Бишкек шаарынын акча алмаштыруу жайларынын бирине 1 млн сом таштап кеткендиги маалым болгон», — деп билдирет министрлик.

Ошол эле учурда, Ош шаарында милиция кызматкерлери Ак-Буура дарыясынын жээгинен таштардын астынан кара куурайдын жыты бар жалпы салмагы 3 кг 70 гр болгон, баштыкка оролгон алты брикет тапкан.

Бишкек жана Ошто табылып алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 4 кг 115 граммды түзгөн.

«Андан соң, абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан «А» аттуу адам кармалган шектүү (М.Б.) менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кошумча 10 кг баңгизат сатып алууну сунуштап, акчаны алмаштыруу жайга калтырууну өтүнөт.

Операциянын жүрүшүндө баңгизаттардын кезектеги партиясы үчүн 285 миң сом жана 2000 доллар акча каражатын өткөрүп берүү учурунда Бишкектеги акча алмаштыруу пунктунун кызматкери Ж.М. аттуу жаран кармалган», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>