«Балдарыңдын келечегин ойло». Баткенде тургундан 15 миң доллар опузалаган төртүнчү шектүү кармалды

«Балдарыңдын келечегин ойло». Баткенде тургундан 15 миң доллар опузалаган төртүнчү шектүү кармалды

Баткенде тургундан 15 миң доллар опузалоого шектелген төртүнчү шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, Лейлекте төрт адам 2022-жылдан бери 41 жаштагы тургундан акча опузалап келген. Кылмышкерлер тургунду «балдарыңдын келечегин ойло, аларды көрбөй калышың мүмкүн, өзүң дагы майып болуп калба» деп коркутуп, 15 миң доллар талап кылышкан. Мындан улам аталган тургун күйөө баласынын айдап жүргөн «Мерседес-Бенц-Спринтер» унаасын 1 млн сомго карызга алып, акча опузалагандарга берген.

Акча опузалагандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болушкан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап акча талап кылуу) менен кылмыш иши ачылган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында быйыл май айында шектүү катары 40 жаштагы Ж.У., 33 жаштагы Б.Б. жана 46 жаштагы Ш.Ө. аттуу жарандар кармалган. Дагы бир шектүү – 47 жаштагы Г.М. изин жашырып кеткендиктен, издөөгө алынган.

Төртүнчү шектүү жакында эле кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Ал уюшкан кылмыштуу топтон баш тартарын билдирген.

«Балдарыңдын келечегин ойло». Баткенде тургундан 15 миң доллар опузалоого шектүүлөр кармалды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>