Балыкчыдагы жол кырсыгы. Кыздын атасы эмнеге тосмо арыз жазганын айтты

Балыкчыдагы жол кырсыгы. Кыздын атасы эмнеге тосмо арыз жазганын айтты

Балыкчыда жол кырсыгына кабылган 11 жаштагы окуучу кызга Бишкекте операция жасалат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге анын атасы Максатбек Байгазиев билдирди.

Анын айтымында, кызынын оң буту кашка жиликтен сынып кеткен.

«Абалы туруктуу. Балыкчы шаарында дагы жакшы карашты. Бишкекте жабдуулардан өткөрүп, операция жасоо үчүн алып кетишти. Кызым менен кошо апасы, жеңем жана сүзүп кеткен милиционер жигиттин карындаштары кетишти», — дейт ал.

Максатбек Байгазиев кылмышка шектелип жаткан Бектур Осмонбаев менен анын иниси Бекзат Казаковду кечирип, тосмо арыз жазып бергенин ырастады.

«Ата-энеси ыйлап, кечирип сурашты. Алла таала үчүн кечирдим. Идеалдуу эч ким жок. Ал дагы атайын барып кызымды сүзүп кетпеди, болгону качып, жашынганга аракет кылганы туура эмес болуп калды. Эгер өзү жардам берип, алып келгенде мен кайрылуу жасабайт болчумун», — дейт ал.

Жабыркаган окуучу кыз — үйдүн улуусу. Максатбек Байгазиевдин үч кыз, бир уулу бар.

«Моралдык жана материалдык чыгымды төлөп беребиз дешти. Кызым  18 жашка чыкканча жардамдашып, ооруп калса өздөрү ооруканага алып барып көрсөтмөй болушту», — дейт жабырлануучунун атасы.

Эскерте кетсек, окуя 26-январда болгон. Кызды сүзүп кеткен шаардык милициянын кызматтык унаасында эки милиция кызматкери — Балыкчы шаардык милициянын башчысы Бектур Осмонбаев жана Бекзат Казаков болгону аныкталган.

Окуядан кийин Бектур Осмонбаев ээлеген кызматынан бошотулду.

Балыкчыда кызды сүзүп кеткен милиционердин бири камалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>