Балыкчыда кызды сүзүп кеткен милиционердин бири камалды

Балыкчыда кызды сүзүп кеткен милиционердин бири камалды

Каракол шаардык сотунда Балыкчыда окуучу кызды сүзүп кеткен ага-ини милиционерлердин бөгөт чарасы каралды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге соттон ырасташты.

Маалыматка караганда, ШИИБ башчысы Бектур Осмонбаев 26-мартка чейин камакка алынып, тергөө абагына киргизилип, анын иниси Бекзат Казаков сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулду.

Бектур Осмонбаев Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча шектелүүдө.

Ага кишини коркунучта калтыруу, жол коопсуздук эрежелерин бузуу менен ден соолукка залал келтирүү, кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу айыбы тагылууда. Бул беренелердин ар бирине айыппулдан тарта беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Эскерте кетсек, окуя 26-январда Балыкчыда болгон. Шаардык милициянын кызматтык унаасы 11 жаштагы кызды сүзүп, окуя жеринен качып кеткен. 11 жаштагы кыз жергиликтүү оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Кийин унаада эки милиция кызматкери — Балыкчы шаардык милициянын башчысы Бектур Осмонбаев жана анын иниси болгону аныкталган.

Кечээ кыздын атасы милиция кызматкерлерине карата тосмо арыз жазганы белгилүү болду. Шектүүлөрдүн ата-энеси жабырлануучу 18 жашка чейин карап, дарыланууга кеткен акчасын төлөп бермей болушкан.

Балыкчыда окуучу кызды сүзүп, качып кеткен ага-ини милиционерлер камалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>