Кумтөрдүн иши боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды

Кумтөрдүн иши боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды

Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Нурлан Шакиев “Кумтөр” компаниясынын иши боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Анын айтымында, Министрлер кабинети бул маселе боюнча маалымат берүүнү убадалаган бирок, азыркыга чейин отчет берише элек.

“Жалпы эле “Кумтөр” компаниясынын иши, алтындардын сатылышы жана жалпы ишмердүүлүлүгү боюнча тез арада комиссия түзүшүбүз керек. Комиссиянын курамына фракция лидерлери жана ар бир фракциядан бирден депутат кирсин. Бул маселени көз жаздымда калтырбашыбыз керек”, — деди депутат.

Буга чейин Башкы прокуратура  «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен ишкананын башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча үч кылмыш ишин козгогон.

Маалым болгондой, «Кумтөр» ишканасынын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында, алдын ала эсептөөлөр боюнча, мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.

Бул боюнча компаниянын тышкы менеджери Теңиз Бөлтүрүк кармалып, ал 10-ноябрга чейин камакта калтырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>