Жер титирөөгө эски үйлөр туруктуубу же жаңы имараттар? Мамкурулуштун жообу

Жер титирөөгө эски үйлөр туруктуубу же жаңы имараттар? Мамкурулуштун жообу

Курулуштардын эксплуатациялоо мөөнөтү 60-70 жыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Талантбек Иманакун уулу билдирди.

Анын айтымында, өткөн кылымда, совет мезгилинде курулган үйлөрдү толугу менен жер титирөөгө туруктуу деп белгилөөгө болбойт.

«Ар бир имараттын эксплуатациялоо мөөнөтү болот. Ал 60-70 жыл. Эч бири түбөлүктүү турбайт. Азыр жаңы үйлөр туруксуз, совет мезгилинде курулгандар бекем деп жатышат. Бирок эски көп кабаттуу үйлөрдүн арасында пайдубалы көрүнбөй калгандары бар, андан тышкары батирдин ичинде ашкана, залдар бузулуп, өзгөртүүгө дуушар болушкан», — дейт Талантбек Иманакун уулу.

Мамкурулуш агенттигинин билдирүүсүндө, имараттын кабаты канчалык көп болсо, зилзала учурунда силкинүү ошончолук күчтүү болот.

«Система иштеп, бирок үй күүлүп түшүп калбаш керек», — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>