Баш байге — автомобиль. Куран окуу сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Баш байге — автомобиль. Куран окуу сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бишкек шаарындагы башкы «Имам Сарахсий» мечитинде 6-7-декабрь күндөрү өткөрүлгөн куран окуу боюнча республикалык сынак жыйынтыкталды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Куран окуу сынагынын жыйынтыгы төмөнкүдөй болду.

Кооз окуу боюнча:

3-орун — Абдумалик кары Ташматов (Бишкек шаары), 1500 АКШ доллары

2-орун — Муса кары Сулайманов (Баткен облусу), 2000 АКШ доллары

1-орун — Сайфулла кары Шамов (Чүй облусу), 2500 АКШ доллары

10 пара боюнча:

3-орун — Салман кары Сыдыков (Талас облусу), 2000 АКШ доллары

2-орун — Билал кары Ташполотов (Баткен облусу), 2500 АКШ доллары

1-орун — Мухаммадрафук кары Юлдашбаев (Ош шаары) — 3000 АКШ доллары

30 пара боюнча:

3-орун — Мухаммадюсуф кары Азимов (Ош облусу), 4000 АКШ доллары

2-орун — Абдулазиз кары Хакимбеков (Чүй облусу), 6000 АКШ доллары

1-орун — Дастанбек кары Эркинбек уулу (Талас облусу), акыркы үлгүдөгү автоунаа.

Ал эми байгелүү орунга илинбей калган сынактын катышуучуларына сертификат жана 100 АКШ доллары берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>