Баш байгеге үч унаа, 1 млн сом: Үч өлкөнүн спортчулары күч сынашты

Баш байгеге үч унаа, 1 млн сом: Үч өлкөнүн спортчулары күч сынашты

Ош облусунун Ноокат районунда Улуу Жеңиш майрамынын урматына жана туңгуч премьер-министр, мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата күрөш боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу парламнеттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Акылбек Түмөнбаев, Алишер Козуев, Эмилбек Джусупов, Эльдар Сулайманов, Фархат Исмаилов, Фарходбек Алимжанов жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөштү.

Мелдештин демилгечиси, депутат Жусупбек Коргонбай уулу чыгаан мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун бейнесине токтолуп,   кийинки муун  Исановдой инсандарга карап түздөнүүсү керектигин белгиледи. Ошондой эле депутат бүгүнкү иш-чара мамлекеттер аралык достукту бекемдеп, ынтымакты арттырарына ишенерин айтып, катышкан бардык спортчуга ийгиликтерди каалады.

Жалпысынан таймашта Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринен жана Кыргызстандын 7 дубанынан келген спортчулар күч сынашты.

Кыргыз күрөш боюнча мелдештин жеңүүчүлөрүнө баш байге катары үч жеңил автоунаа коюлуп, атаандаштык жогорку деңгээлде болду. Андан тышкары жалпы 1 млн сомдук акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Алсак, 60 кг жеңил салмактагы категорияда  28 балбанды жыгып, финалга чыккан Марлен Абдырасулов баш байгени утуп, автоунаанын бирин ээледи. Ал эми оор салмактуулар арасында Базар-Коргондон келген спортчу Айбек Камолов өзбекстандык атаандашын көтөрүп чаап, дагы бир автоунааны утту. Үчүнчү унаа болсо Насирдин Исановдун иниси Абдурашит Исановго белек катары ыйгарылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>