Жалал-Абадда үч шаардын милициясына унаалар тапшырылды

Жалал-Абадда үч шаардын милициясына унаалар тапшырылды

Жалал-Абад ОИИБде жаңы автоунаалар тапшырылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы 9-майда маалымдады.

Маалыматка караганда, демөөчүлөр тарабынан ИИМге берилген автоунаалардын ичинен 2023-жылы өндүрүштөн чыгарылган «Лада Гранта» үлгүсүндөгү кызматтык автоунааларды Жалал-Абад ОИИБге тапшырылды.

Жалал-Абад ОИИБдин имаратында жаӊы кызматтык автоунаалар Жалал-Абад, Майлуу-Суу жана Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмдөрүнө берилди.

Жаӊы автоунаалардын ачкычтарын Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитов милиция бөлүмдөрүнүн жетекчилерине берип, автоунаалар кызматтын кызыкчылыгы үчүн туура пайдаланылышы керектигин белгиледи.

Жарандардын кайрылган бардык чакырууларына ыкчам жетип барып чара көрүү, ар түрдүү окуяларга жеринде бөгөт коюу, кылмыштын бетин ачуу, күнү-түнү талыкпастан иш алып баруу зарылдыгын айтты.

Коюлган милдеттерди так аткаруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу багытында талыкпастан эмгектенүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, буга чейин дагы Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков тарабынан 2023-жылы өндүрүштөн чыгарылган «Шевроле Кобальт» үлгүсүндөгү 3 даана кызматтык автоунааларды берилип, алар Сузак, Базар-Коргон, Ноокен РИИБдин Нөөмөт бөлүмдөрүнө тапшырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>