Баш кошууну каалашкан: 17 жаштагы кызды өлтүргөн кишиге өкүм чыкты

Баш кошууну каалашкан: 17 жаштагы кызды өлтүргөн кишиге өкүм чыкты

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту чогуу жашаган жашы жете элек кызды өлтүргөн деп айыпталган жаранды 12,5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 17 жаштагы К.Т. аттуу кыз менен уруша кеткен адам анын көкүрөгүнө бир нече жолу бычак сайган. Ал тез жардам кызматын чакырып, үйдөн чыгып, кылмыш болгон жерден качып кеткен. Жашы жете элек кыз ооруканага жетпей каза болгон.

Бул учурда айыпталуучу күрөөканага кирип, кардардын тамагына бычак такап, аны өлтүрөм деп коркуткан. Аны имараттан алып чыгып, М.Б. кызды кошуна үйгө жетелеп барып, эл чогулуп калганда коё берген.

«Сотто М.Б. күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Ал эч кимди өлтүргүсү келбей турганын билдирген. Айыпталуучунун айтымында, ал дүкөндө иштечү. Ошол учурда кыздын апасы кызын жумушка орноштурууну суранган, М.Б. макул болгон. Эки-үч күндөн кийин кыз жумушка келген, анын бычактан алган жаракаттары бар экенин көргөн. Кыз башка бир жигит менен урушуп кеткендигин билдирген.

Соттолуучунун айтымында, К.Т. анын үйүнө келип, кичинекей уулун карап, тамак жасап жүрчү. К.Т. айылдан келген майып апасын карап берип жүргөндө М.Б., аны жактырып калган.

Алар баш кошууну каалашкан, бирок кыз айыпталуучуну шаштырып, эртерээк үлпөт той өткөрүүнү талап кылган. Кыз баңгизатын колдонгон болушу мүмкүн деп айтылат. Окуя болгон күнү ал киши үйүнө келгенде, кыз бир нерсе чегип жатканын көргөн. Кыз аны тааныбай, колуна бычак алган. Өзүн коргоого аракет кылган М.Б. бычактын сабынан кармап, бычакты жерге түшүргөн. Айыпталуучунун айтымында, кыз бычактын кырына жыгылган», — деп айтылат өкүмдө.

Сотто ал киши да кошуналарын жардамга чакырууга аракет кылганын, бирок ага эч ким эшик ачпаганын айткан. Андан соң ал кыздын көкүрөгүндөгү бычакты жулуп алып, тез жардам кызматын чакырган.

Маркумдун апасы соттон мыйзам чегинде өкүм чыгарууну суранган. Ошондой эле соттолуучудан материалдык жана моралдык чыгым үчүн 750 миң сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>