Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Башкы прокуратурада “Манас” эпосу жаңырып турат
31.01.2024 | 12:00
Башкы прокуратуранын имаратында “Манас” эпосунан үзүндү жаңырып турат. Маалыматка караганда, мыйзам көзөмөлчүлөрү жумуш учурунда “Курманбек” өңдүү баатырдык эпосторун дагы угуп турушат.
Мекеменин жетекчиси Курманкул Зулушевдин айтымында, эпостор аркылуу кызматкерлерди мекенчилдикке тарбиялоо максаты көздөлөт.
“Улуттук балуулуктар, руханий байлыктар аркылуу адамдын мекенчил сезимдери козголуп, ишмердик ошого негизделет. Бизде кызматкерлердин көпчүлүгү расмий тилде окуп, жазчу, азыр 95 пайызы кыргыз тилин кеңири колдонушат” – деди башкы прокурор.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура – иш кагаздарын толук кыргыз тилинде жүргүзгөн мекеме.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом