Чек арадан 2,5 кг баңги зат менен өзбекстандык жаран кармалды

Чек арадан 2,5 кг баңги зат менен өзбекстандык жаран кармалды

8-февралда Айдаркен чек арасынан баңги затын алып өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.

Кызматтын жүрүшүндө кезметте турган чек арачылар Кыргызстандан Өзбекстанды көздөй бара жаткан жаранды кармашкан. Кармалган жаранды текшерүү учурунда анын жанында баштык болгон. Анын ичинде өзгөчө жыты бар өсүмдүк заты, болжолдуу түрдө гашиш баңги заты табылган, жалпы салмагы 2 кг 500 гр.

Окуянын чоо-жайын тактоо учурунда кармалган жаран Өзбекстан Республикасынын 1995-жылы туулган А.А.у экени белгилүү болду.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам жана баңги заттар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>