Алмазбек Атамбаевдин канча иши сотто каралууда? Расмий жооп

Алмазбек Атамбаевдин канча иши сотто каралууда? Расмий жооп

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу ЖМКда жана социалдык тармактарда жарандардын көптөгөн билдирүүлөрүнө байланыштуу, Бишкектин Биринчи май райондук соту Атамбаевдин сотто каралып жаткан иштери боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка караганда, Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө Аламзбек Атамбаев айыпталуучу катары өтүп жаткан эки кылмыш иши бар. Биринчиси — 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары (бул ишке бир нече иш бириктирилген — ред.) боюнча, экинчиси — 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча иш.

«Алмазбек Атамбаевдин 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш иши боюнча Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде белгиленген бир жылдык камакка алуу мөөнөтү аяктаган. Азыркы учурда бул кылмыш иши жабырлануучулар менен күбөлөрдү суракка алуу стадиясында турат, сот өз өкүмүн чыгара элек. Иш боюнча айыпталуучулар толук акталды деген пикирге келүү эрте», — деп билдирет сот.

Соттон белгилешкендей, Атамбаевге карата жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштери боюнча бөгөт коюу чарасы тандалган эмес. Анткени ал Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча соттун өкүмүнүн негизинде жазасын өтөп жаткан. Учурда Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча иш Биринчи май райондук сотуна жаңы кароого түшкөн.

Эскерте кетсек, 13-февралда, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча буга чейинки сот өкүмдөрү жокко чыгарылып, иш Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.

14-февралда Биринчи май райондук соту Алмазбек Атамбаевге дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берип, ал абактан чыккан. 15-февралда ал Испанияга учуп кеткени кабарланган.

Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иш 2019-жылы Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратылышынын себептеринин бири болгон.

Экс-президент макамынан ажырагандан кийин ИИМ Атамбаевди бир нече ирет суракка чакырган. Бирок ал суракка келбегендиктен, аны кармоо боюнча 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта атайын операция уюштурулган. Натыйжада Атамбаев кармалып, Кой-Таштагы окуя боюнча ага иш ачылган. Учурда ал сотто каралууда.

Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу иш боюнча Атамбаев 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган.

Ошондой эле, Атамбаев Калыс-Ордодогу мектептин курулушу, Түркиянын атуулдарына Кыргызстандын паспортун берүү, 2020-жылдагы октябрь окуялары боюнча акталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>