Тишин тазалаткан 3 жашар кыздын өлүмү: Анестезиолог үй камагына чыкты

Тишин тазалаткан 3 жашар кыздын өлүмү: Анестезиолог үй камагына чыкты

КММАнын медициналык борборунда 3 жашар кыздын өлүмүнөн  шектелип кармалган анестезиолог Айнура Т. үй камагына чыкты. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаардык сотунан ырасташты.

Белгилей кетсек, Айнура Т. 12-январда кармалган.

3 жашар кыз И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы медициналык борбордо жайгашкан жеке стоматологияда тишин дарылоо учурунда каза тапкан. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесине (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) ылайык кылмыш иши козголуп, бардык керектүү экспертизалар дайындалган.

Экспертизанын жыйынтыгында «баланын өлүмүнө дары-дармектерди колдонуудан улам келип чыккан анафилактикалык шок» себеп болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлиги менчик стоматологияны жаап, медициналык борбордун бир нече дарыгерин жумуштан алды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>