Өкмөт Лебединов ГЭСин оңдоо үчүн 13,8 млн евро насыя алат

Өкмөт Лебединов ГЭСин оңдоо үчүн 13,8 млн евро насыя алат

Бүгүн, 31-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2023-жылдын 3-мартында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо” долбоору) жана Кыргыз Республикасы, “Чакан ГЭС” ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (“Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо” долбоору) ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы Улан Примов белгилегендей, Лебединов ГЭСи 1948-жылы пайдаланууга берилген. Андыктан реконструкциялоо учур талабы.

“Долбоордун жалпы наркы 13,8 млн евро, анын ичинен 8,8 млн евро кредит түрүндө, 5 млн евро инвестициялык грант түрүндө алынат”, — деди баяндамачы.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>