The Pussycat Dolls тобунун жылдызы Николь Шерзингер Бишкектеги Көчмөндөр оюндарында ырдайтБишкектеги «Мадина» базарында ири өрт өчүрүлүүдө30-август: Кыргызстанда абанын температурасы +37 градуска жетип, айрым жерлерде жаан жаайт«Рухтун жел кайыктары»: Ысык-Көлдө эл аралык регата башталдыПутин, Си Цзиньпин, Эрдоган жана башка лидерлер Бишкектеги ШКУ саммитине катышатДон Уилсон жана Бай Линг Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келет
Баткен: 4 тоннадай мыйзамсыз жүк аныкталды
01.09.2021 | 16:30
УКМКнын басма-сөз кызматынын маалыматында, 31-август күнү Баткен облусунун Ганжак аймагынан чек ара кызматкер “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү эки унааны кармаган. Унааларды текшерүү учурунда 3,6 тоннадан ашык мыйзамсыз жүзүм табылган.
Андан тышкары 1-сентябрда Баткен облусунун Дахан аймагында чек арачылар Hyundai-Porter унаасын жана КРнын үч жаранын кармашкан. Унааны текшерүү учурунда 660 миң сомдук контрабандалык курулуш материалдары табылган.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар жана товарлар кошумча иликтөө үчүн орган кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.